Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук тарых музейи оңдоп-түзөөдөн кийин эшигин ачты (видео)

30-ноябрга чейин музейге кирүү акысыз болот

Бүгүн Бишкектеги Улуттук тарых музейинин расмий ачылышы болду. Салтанат белгилүү манасчы Самат Көчөрбаевдин айтышы менен башталды.

Белгилей кетсек, ачылыштын урматына 30-ноябрга чейин музейге кирүү акысыз болот.


Эске салсак, Тарых музейин реконструкциялоо иштери 2015-жылы башталган. Алгач музей 2018-жылдын март айында ачылат деп пландалган, бирок 2018-жылдын май айында Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Тарых музейинде көчмө жыйын өткөрүп, сатып алынган эмеректердин, ошондой эле айрым инсталляциялардын баасына нааразы болушкан.


Кийинчерээк Башкы прокуратура Мамлекеттик тарых музейинин имаратын реконструкциялоого жана жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча  «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 189-берененин «Ачык аукциондорду өткөрүү тартибин бузуу»  304 -берене "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", 306 "Келишим түзүү, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү", 308 "Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.


Бул иш боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаков баш болгон жогорку кызматтагы адамдар айыпталуучу болуп калышты.

Канышай Балкыбекова
Фото, видео Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх