Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балыкчыда кайдыгер карабаган айдоочулар тургундарга 3600 сомдон көмүр тарата баштады (видео)

Алар калган кыргызстандыктарды четте калбоого жана калкка кышка катуу отун камдоого жардам берүүгө чакырышат

Балыкчыда айрым көмүр ташыган айдоочулар отунду шаар тургундарына жеңилдетилген баада – тоннасына 3600 сомдон тарата башташты. Бул тууралуу ташуучулар өздөрү билдиришти.

«Президенттин буйругун угуп, 3600 сомдон көмүр бере баштадык», - дешет айдоочулар. - Биз көмүрдү бир рейс менен таратууну чечтик. Бул айдоочулардын атынан. Колубуздан келгенди жасап, элге жардам беришибиз керек. Тургундар: кимдир бирөө тонналап, кимдир бирөө азыраак алат. Каалоочулар бир рейсти да тарата алышат.

Эскерте кетсек, буга чейин 15-ноябрда президент Садыр Жапаров 2-ЖЭБдин жанындагы конуштун тургундары менен жолугушууда Кара-Кече кенинен көмүр 3 миң сомдон сатыла баштаарын билдирген.



фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх