Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция кыргызстандыктарды уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү шайлоого кийлигишкени тууралуу жашыруун маалымат берүүгө чакырды (фото)

Ысык-Көлдө укук коргоо кызматкерлери кылмышкерлер арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүштү

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн алдыдагы шайлоого кылмыштуу таасиринин алдын алуу жана аймактагы коомдук-саясий кырдаалды татаалдантуу максатында Ысык-Көл облусунун ИИБнын УКККБнын кызматкерлери тарабынан күчөтүлгөн профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Алдын алуу иш-чараларынын алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында жашаган жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган бир катар жарандар милицияга алынып келинди. Келтирилген адамдар менен алардын шайлоо процесстерине мыйзамсыз кийлигишүүсүн болтурбоо жана кайсы бир талапкердин же партиянын кызыкчылыгын коргоо боюнча тиешелүү түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Ошондой эле алардын алдыдагы шайлоого катыштыгы аныкталса, кылмыш жоопкерчилигине тартылары эскертилди.


Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы шайлоо процессине уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кийлигишүүсүнө же башка мыйзамсыз аракеттерине күбө болгон жарандарды 0702877876, 0704652973 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.

Кайрылуучу жарандардын анонимдүүлүгү жана купуялуулугу кепилденет.

Ысык-Көл облусунун ИИБнын маалымат кызматы
Ысык-Көл облусунун ИИБнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх