Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кудайберген Базарбаев: Комиссия протездерди даярдоонун сапаты боюнча арызды иликтейт

«Бир протез алуу үчүн биз аны оңдогонго чейин бул жерде айлап жата беребиз»

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Республикалык протездик-ортопедиялык мекеменин ишине карата арызын иликтөөнү комиссияга тапшырды.

Мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандыктар протез жана ортопедиялык бут кийимдерди жасоонун узакка созулганына нааразы болушту. Учурда миңдеген адамдар кезекке турушат.

«Буга чейин цехтерде 3-4 адам иштесе, азыр бир гана адам иштеп жатат. Ар бирибизде бир жуп протез бар жана андан кийин эмне болот? Жыл сайын протезге муктаж адамдардын саны көбөйүп, көлөмү азайып баратат. Бир протез алуу үчүн аны оңдогонго чейин ушул жерде айлап жата беребиз”,-дейт Балыкчы шаарынын тургуну Рахат Шопоков.

Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлери министрге айлык акынын аздыгы, бул кадрлардын алмашуусуна таасирин тийгизип жатканын айтышты. Продукциянын сапаты тууралуу сөз кылган мекеменин директору Салика Калдыбаева булгаары жана башка материалдар тендер аркылуу сатылып алынарын жана мыйзамга ылайык баасы арзан жеткирүүчүнү тандай турганын, бул дагы бардык продукциянын сапатына таасирин тийгизип жатканын түшүндүрдү.


Министрдин айтымында, түзүлгөн комиссия учурдагы кырдаалды иликтейт.

«Президентке аталган ишканада көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты боюнча кайрылуу келип түшкөн. Алар протездердин, бут кийимдердин сапатына нааразы болушууда. Комиссия маселени иликтеп чыгып, комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Бул маселе татаал, ага башка нерселер менен катар майыптуулукту аныктоочу медициналык-социалдык комиссиялардын ишинин сапаты да кирет», - деди Базарбаев.

Белгилей кетсек, комиссиянын дарегине бюрократиялык жана коррупциялык элементтер боюнча даттануулар көп жылдардан бери топтолуп келе жаткан, быйыл ноябрда кырдаал өзгөрө баштаган. Министр Кудайберген Базарбаевдин буйругу менен МСЭКтин 27 төрагасынын 11и ээлеген кызматынан бошотулду. Министр ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык колдоо көрсөтүүнү тездетүү, процесстин ачык-айкын болушу үчүн майыптуулукту аныктоонун электрондук системасын калыптандырууну тапшырды.

МТСтин басма сөз кызматы
Сүрөт www
 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх