Бийлик жана алардын жакындары абийирсиз иштешет», - деди ал. Равшан Женбеков оппозициялык партиялардан аны колдоону суранды
Камактагы депутаттыкка талапкер Бишкектеги СИЗО-1ден кайрылуу жазды
СИЗОдон камактагы депутаттыкка талапкер Равшан Женбеков оппозиция жана көз карандысыз партиялардын лидерлерине, алардын тарапташтарына кайрылуу жазды.
«Оппозициянын жана көз карандысыз партиялардын лидерлерине жана тарапкерлерине, чынчыл жарандарга, мени көп жылдык оппозициядагы күрөшүмдөн билгендерге кайрылып жатам.
Кыргыз оппозициясы эч качан бириккен эмес, ар дайым ичибизде көптөгөн чыр-чатактар, карама-каршылыктар болгон, бирок чоң кризис учурунда гана бири-бирибизге чыдап, бириге калабыз.
Көз карандысыз жана оппозициялык саясатчылар бир нерседе биригишет – биз жаңы, өнүккөн жана эркин Кыргызстанды каалайбыз.
7-чакырылыштагы парламентте күчтүү оппозиция болушу керек. Бул Кыргызстан үчүн, жалпы келечегибиз үчүн маанилүү.
Бийлик жана алардын жакындары мага каршы, менин таза шайлоо, адилет сот жүргүзүү боюнча саясий программама каршы ак ниетсиз иштеп жатышат.
Мен сизге түздөн-түз кайрылып жатам, анткени мен физикалык жактан агитациялык өнөктүк жүргүзө албайм жана мени Ленин бир мандаттуу округундагы оппозициялык саясатчы катары колдооңуздарды суранам.
сүрөт www