Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чет-Булак айылына күйүп кеткен мектептин ордуна эки бөлмөлүү мобилдик үй алынып келинди

Эми бул бөлмөдө мектеп окуучулары үчүн сабактар ​​өткөрүлөт

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Чет-Булак айылына мектеп өрттөнүп кеткен, ордуна эки бөлмөлүү мобилдик үй алынып келинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул көчмө үйдө окуучулар үчүн сабактар ​​өткөрүлөт.

Эске салсак, 17-ноябрда Чет-Булак айылында Абдыжапаров атындагы мектеп күйүп кеткен. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан. Анын кесепетинен 468 чарчы метр имарат күйгөн.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх