Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК бир нече жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду

Аларды кызматтан алуу боюнча буйрукка Садыр Жапаров кол койгон

Президент Садыр Жапаров УКМКнын бир катар жетекчилерин ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип Курсанбек Бекташов УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабынын башчысы кызматынан бошотулду.

Жанибек Жоробаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Мамлекеттик комитеттин Киберкоопсуздукту координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх