Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча соттук отурум өтөт
Адвокат Нурбек Токтакунов анын өлүмүнө алып келген милициянын шалаакылыгы тууралуу айтып берүүнү убада кылууда
Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Айзада Канатбекованын барымтага алынышы боюнча соттук отурум өтөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, юрист Нурбек Токтакунов билдирди.
Ал милициянын шалаакылыгын коомчулукка айтып берүүнү убада кылууда.
Учурда кылмыш иши УКМКнын шаардык башкармалыгында тергөө стадиясында жана прокуратуранын көзөмөлүндө.
Эске салсак, 27 жаштагы Айзада Канатбекова ушул жылдын 5-апрелинде Бишкектен уурдалган. Кыздардын туугандары аны уурдап, белгисиз тарапка алып кетишкенин көрсөткөн видеону социалдык тармактарга тараткан. Эки күндөн кийин Айзаданын жансыз денеси борбор калаанын четинен табылды. Аны менен бирге унаадан ала качкан адамдын жансыз денеси табылган. Укук коргоо органдары “Нике куруу максатында ала качуу” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин баштады.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www