Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Netflix Кыргызстан тууралуу даректүү тасма тартты

Кыргыз Республикасынын атынан улуттук салбуурун  катышкан

Netflix Кыргызстан тууралуу даректүү тасма тартты. Бул тууралуу ПРООН билдирди.

Компания дүйнөнүн 30 өлкөсүндө маданий көп түрдүүлүк тууралуу тасма тарткан. Кыргызстандын атынан улуттук салбуурун уулоосу катышат.

Өткөн жылы “Kyrgyz Tourism” командасы эл аралык журналисттер менен биргеликте бул темага кызыгууну жаратып, бул демилгенин башаты болгон бүркүтчү тууралуу бир катар басылмаларды чыгарган.

Релиз 2022-жылы платформа үчүн пландаштырылган. Тасма 150дөн ашуун штатта көрсөтүлөт.



«Тасманы тартуунун аркасында планетанын бардык элдери кыргыздын каада-салты, көчмөндөрдүн бай маданияты менен таанышып, өлкөбүз тууралуу көбүрөөк биле алышат», - деп белгилейт уюм.

Салбуурун – көчмөн аңчылыктын байыркы түрү. Мергенчилер атты минип кийин тоолорго көп күндүк саякатка чыгышкан. Алар  бүркүттү, ишенимдүү тайганды жана жаа жебесин гана ала кетишти. Мындай жортуулдарда кыргыздар мыкты мергенчилерди, жылкыларды, бүркүттөрдү, тайгандарды аныкташкан. Бул тандоонун бир түрү болгон.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх