ЮНЕСКО Кыргызстандын демилгеси менен тоо мөңгүлөрүн сактоо боюнча резолюция кабыл алды
Резолюциянын негизги максаты - тоо мөңгүлөрүнө жана түбөлүк тоңго мониторинг жүргүзүү жана изилдөө боюнча эл аралык кызматташтыкты чыңдоо
2021-жылдын 23-ноябрында Париж шаарында өткөн ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын жүрүшүндө мүчө-мамлекеттер бир добуштан Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан үстүбүздөгү жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында айтылган «Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө иштерин кеңейтүү» аталышында резолюцияны колдоп беришти.
Белгилей кетсек, резолюциянын башкы максаты тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө. Туруктуу өнүгүү жана реализациялоо Күн тартиби – 2030дун принциптеринин негизинде биргелешкен иш аракеттер аркылуу келечек муунга коопсуз жана туруктуу айлана-чөйрөнү камсыздоо.
Президенттик аппараттын маалымат кызматы
Фото www