Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салды

БШКга экс-спикердин үстүнөн бир нече арыз түшкөн

БШК парламенттин экс-спикери Дастан Жумабековго үгүт тартибин бузгандыгы үчүн 22,5 миң сом айып пул салды.

Борбордук шайлоо комиссиясына ЖКнын депутаттыгына талапкердин үстүнөн бир нече даттануулар келип түшкөн.

Биринчи билдирүүдө социалдык тармактарда талапкердин шайлоочулар менен жолугушуусу тууралуу видео жарыяланганы кабарланган. Үгүт материалдарынын көчүрмөлөрү БШКга берилбегени белгиленет.

Андан соң арыздануучу Дастан Жумабеков Талас облусунун Покровка айылында мамлекеттик желек менен үгүт иштерин жүргүзгөнүн билдирген.

Ошол эле учурда алар ЖКнын экс-спикеринин үстүнөн талапкердин бир тууганы, БНИТСТОнун директору Сабырбек Жумабековдун кайрымдуулук иштери менен алектенип жатканына нааразы болушкан. Сентябрь айында интернет басылмалардын бири операцияга муктаж бейтап тууралуу маалымат тараткан.
Сабырбек Жумабеков бекер операция жасоого даяр экенин билдирди. Андан соң маегинде жыл сайын бекер операциялар жасалып жатканын белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салуу чечимин чыгарды. Мындан тышкары, ага парламенттин мурдагы спикери чет элдик саясатчылар менен тартылган сүрөттөрү бар материалдарды колдонгону үчүн оозеки эскертүү берилди.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх