Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орхан Инандынын камактагы мөөнөтү узартылды. Кийинки соттук отурум 3-февралда болот

“Сапат” муниципалдык билим берүү мекемесинин директору 15-июлдагы түрк жарандарынын өлүмүнө Фетхуллах Гүлендин тиешеси бар экенине ишенбей турганын билдирди

Түркиянын атайын кызматы Кыргызстандан Түркияга алып келген «Сапат» муниципалдык билим берүү мекемесинин билим берүү тармагынын директору Орхан Инанданын камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Түркиянын Sabah басылмасы жазып чыкты.

Анкарада Орхан Инандынын иши боюнча угуулар болду. Сотко айыпталуучу Орхан Инанды жана анын жактоочусу катышты. Соттун төрагасы мурунку отурумда кабыл алынган убактылуу чечимге ылайык иштин материалдары менен таанышты.

Сотто Орхан Инанды ФЕТОнун лидери Фетхуллах Гүленди коргоду. Судья: «15-июлга караган түнү террордук уюмдун лидери Гүлендин буйругу менен өлтүрүлгөн жарандарыбыз үчүн ыйладыңбы?» деп сурады. Бул суроого Инанды Гүлендин бул кылмышка тиешеси бар экенине эч качан ишенбегенин жана ушул күнгө чейин ишенбей турганын айтты.

Инанды ошондой эле ФЕТОнун директорлорунун көбүнүн аты-жөнүн жана ушул убакка чейин шифри ачыла элек жоопкерчилик аймактарын чечмелегени билдирилди.

Жыйындын соңунда сот Орхан Инандын камактагы мөөнөтүн 2022-жылдын 3-февралына чейин узартуу чечимин чыгарды.

Эске сала кетсек, Орхан Инанды куралдуу террордук уюмду жетектеген деп айыпталууда. Анкара Башкы прокуратурасы аны 15 жылдан 22 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратууну талап кылууда. Инанды атайын операциянын жүрүшүндө Түркияга жеткирилип, 5-июлда сот органдарына өткөрүлүп берилген.

Ал 2021-жылдын 31-майында Кыргызстанда дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк КР Тышкы иштер министрлиги түрк элчисине нота тапшырып, Инандыны мекенине кайтууга чакырган.

Ал арада Бишкек ШИИББи “Сапат” окуу жайынын директорунун кош жарандыгы бар экенин билдирди.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх