ИИМдин БМЖККсынын иши тууралуу кыска метраждуу тасма жарык көрдү (видео)
Тасмада быйылкы жылдын эң маанилүү окуялары камтылган
Кыргызстанда Ички иштер министрлигинин БМЖКККсынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү тууралуу кыска метраждуу тасма тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Бул тасманын максаты - эл аралык кызматташтык, баңги заттардын алдын алуу жана баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы кызматтын ишмердүүлүгү менен коомчулукту тааныштыруу», - деп айтылат маалыматта. - 2021-жылдын 9 айында бир топ иштер аткарылды, олуттуу жыйынтыктарга жетишилди. Кызматтын кызматкерлеринин жакшы координацияланган ишинин аркасында кыйла көлөмдөгү баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынды, ири эл аралык баңги топторунун аракеттерине бөгөт коюлуп, эң негизгиси көптөгөн адамдардын өмүрү сакталып калды. Ал эми бул чек эмес, БМЖКККнын элге пайда алып келе турган иштерди жакшыртуу боюнча эң комплекстүү чараларды көрөт.
Тасмада быйылкы жылдын эң маанилүү окуялары камтылган».
ИИМдин басма сөз кызматы