Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызча билесиңби? Мамлекеттик тилди билбегени үчүн өтүп бараткандарга орой мамиле жасаган жигит милицияга жеткирилди (видео)

Тартип бузган 19 жаштагы жаран болгон. Аны кандай жаза күтүп жатканы азырынча белгисиз

Бишкек шаарында коомдук тартипти бузган жигит Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келинди. Бул тууралуу Vesti.kgге борбор калаадагы ПМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Интернетте бир жигит көчөдө өтүп бара жаткан эки адамдын жанына келип, кыргызча билесиңби деп сураган видео тарады. Жооп алып: «Тил билбеген соң Кыргызстанда эмне кылып жүрөсүң?» дейт. Ошол эле учурда жаран уят сөздөрдү колдонгон.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлери аны Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен. Тартип бузган жаран К.А. 2002-жылы туулган.

Маалым болгондой, видео 15-ноябрда тартылган.

Бишкек ШИИББи жигитти кандай жаза күтүп жатканы тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх