Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 4,6 эсеге азайды
Ооругандардын эң көп үлүшү Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарына туура келген
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 2020-жылдын октябрындагы 13 миңден быйыл октябрда 2,9 миңге чейин азайган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен кабарлашты.
Маалым болгондой, 2021-жылдын октябрь айында катталган COVID-19 учурларынын эң көп үлүшү Бишкек шаарына (51 пайыздан ашык), Чүй (26 пайызга жакын) жана Ысык-Көл (12 пайызга жакын) облустарына туура келген.
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында 100 миң калкка карата оорулардын саны 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,6 эсеге азайган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз