Рыскелди Момбеков мындан ары депутаттыкка талапкер эмес. БШК анын дипломдук чырынан улам каттоодон баш тартты
Билим берүү министрлиги саясатчы КУУнун архивинен табылган жок деп жооп берди
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында комиссия мүчөлөрү Рыскелди Момбековду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоону жокко чыгаруу чечимин кабыл алышты.
БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мадина Кутбердиеванын айтымында, КУУнун жетекчилиги алардын кайрылуусуна жооп берип, Момбеков университеттин архивинде юридикалык факультеттин 2003-жылкы бүтүрүүчүсү катары тизмеде жок экенин баса белгилеген.
Бирок социал-демократтар Момбековдун дипломуна сот чекит коюуну талап кылышты.
Буга чейин парламентарий Vesti.kg сайты менен болгон маегинде КУУда билим алганын айтып, бийлик тарабынан ага карата кысым жана каралоолорго нааразы болгон.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Бакыт Жаналиев сөз сүйлөп, депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбековдун Жусуп Баласагын атындагы КУУнун жасалма диплому болгонун айткан.
Анын айтымында, эл өкүлү жогоруда аталган окуу жайда окуган эмес — анын номери боюнча диплом жаран Михаил Стародубцевге берилген.
Жыйынтыгында БШК мүчөлөрү Момбековго карата тергөө иштери аягына чыга электигине байланыштуу, шайлоо алдындагы жарышта калууга макул болушкан.
«Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин КУУда билим алганы тууралуу дипломдун аныктыгынан күмөн жаралып жаткандыгы, бул номур башка адамга берилгени тууралуу маалымат бар. Бирок бул дипломдун анык же анык эместигине эч кандай ишенич жок. Менимче, тергөө бүтүп, жогорку билими тууралуу документ жалган экени аныкталса, биз бул маселеге кайрыла алабыз», - деди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www