Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жанар Акаев: Кыйын заман келе жатат, ошондуктан парламентке жарандардын кызыкчылыгын коргой алган депутаттар келиши керек

Бишкекте “Альянс” партиясынын талапкерлеринин шайлоочулар менен кезектеги жолугушуусу өттү. Иш-чарага 1000ге жакын жарандар, партия мүчөлөрү жана алардын тарапкерлери катышты.

“Альянс” партиясынын теңтөрагасы Жанар Акаев өз сөзүндө белгилегендей, алдыда оор күндөр келе жатат: энергетикалык кризис, Кумтөр боюнча талаш-тартыштар, ошондуктан парламентке күчтүү депутаттар келиши керек, алар ар дайым жарандардын кызыкчылыгын коргой алышат.

«6 жылдан бери депутаттардын бир бөлүгү гана коомчулук тарапта болуп, аны укту. Бул депутаттар элдин чыныгы өкүлдөрү болгон. Бүгүн бул эл өкүлдөрү “Альянс” партиясы менен кайрадан парламентке барат, - деди Жанар Акаев.

Ал саясий уюмдун катарында бийликке карата сындан эч качан коркпогон эл өкүлдөрү бар экенин баса белгиледи. Алар ошондой эле “Шайлоо жөнүндө” мыйзамдын авторлору болушкан, ага ылайык быйыл жарандарга тандоо – партияны гана эмес, конкреттүү талапкерди да шайлоо укугу берилген.

«Жогорку Кеңешке чындыкты коргой турган, принциптеринен тайбаган эл өкүлдөрү керек. Ошондуктан, депутаттык корпусту кыскартуу менен, бирок сапаттык курамы менен Жогорку Кеңеш сапаттуу мыйзамдарды кабыл алат», - деди Акаев.



АЛЬЯНС- № 3 - Бир күч
Жанар Акаев - №1

"АЛЬЯНС" саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаев тарабынан төлөнөт (01.09.2021-ж. № 8)

"Альянс" партиясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх