“Эл үмүтүнүн” лидери Аскар Алмаз уулу УКМКга суракка чакырылды. Эмне үчүн?
Партия оппоненттери аларды каралоого аракет кылып жатат деп эсептейт
Бир күн мурун, 25-ноябрда “Эл үмүтү” партиясынын лидери Аскар Алмаз уулу УКМКга суракка чакырылган.
Ал арада жогоруда аталган саясий бирикменин лидеринин жардамчысы Калыгул Муктазим уулу Vesti.kg сайты менен болгон маегинде УКМКга сүйлөшүүгө чакырууга үгүт эрежелеринин бузулушу себеп болгонун билдирди.
- Партиянын төрагасы баннердин туура эмес жерге илингендиги жана адреси жок баракчаларды тараткандыгы боюнча УКМКга суракка чакырылган, - дейт Муктазим уулу. - Эч кандай саясий себептер жок.
Мындан тышкары, партия лидеринин жардамчысы алардын оппоненттери баракчаларды өздөрү басып, аларды каралоо үчүн дарегин көрсөтпөй коюшу мүмкүн деп эсептейт.
- Биздин баракчалардын бардыгында изи көрсөтүлгөн, - дейт "Эл үмүтүнүн" мүчөсү. - Биз менен күрөшүү үчүн биздин оппоненттерибиз өздөрү баракчаларды басып чыгарышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайбыз.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өтөт. 54 адам пропорционалдык система боюнча (партиялардан талапкерлердин ачык тизмеси боюнча), 36 депутат мажоритардык система боюнча бир мандаттуу округдар боюнча шайланат.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www