Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шайлоодон кийин бийликти басып алуу. УКМК Бишкекте массалык баш аламандык уюштуруу планын жокко чыгарды

Айрым депутаттар жана мурдагы аткаминерлер жетектеген кылмыштуу топ кармалды. Милиция менен кагылышуу үчүн 1000дей жаштар тандалып алынган

Алдыдагы парламенттик шайлоодо коопсуздукту камсыз кылуу боюнча УКМК жана ИИМ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында шайлоодон кийин дароо өлкөдө бийликти күч менен басып алуу провокация уюштурууну пландаган адамдардын тобу тууралуу маалымат алынган.

Бул боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 38 жана 309-беренелери (Бийликти күч менен басып алууга даярдануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлдү.


Атайын тергөө-ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында айрым деструктивдүү саясий күчтөр, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы жогорку кызмат адамдары жетектеген адамдардын тобунун кылмыштуу аракеттери боюнча төгүндөлгүс далилдер алынган.



Алдыдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин бул топ айрым саясий күчтөрдүн, анын ичинде шайлоодо жеңилип калгандардын колдоосуна таянып, Бишкек шаарында кырдаалды курчутуу менен массалык нааразылык акцияларын уюштурууну пландап, чагымчыл аракеттерди жасаганы аныкталган.

Бул максатта топ 1000ге жакын агрессивдүү жаштарды массалык нааразылык акцияларын уюштурууга топтоп, алар менен мамлекеттик түзүмдөргө каршы идеологиялык иш жүргүзүүгө багытталган системалуу жолугушууларды өткөрүп, мындан ары бийликти күч менен басып алууга түртүп, массалык баш аламандыктарды чыгаруу пландарын талкуулашкан.


Аталган топтун кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюу максатында үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында КР УКМК жана ИИМдин тергөөчүлөрү тарабынан активдүү катышуучулардын жашаган жеринде жана алар ижарага алган кеңсеси, анын натыйжасында кылмышка даярдангандыгын тастыктаган документалдык материалдардан тышкары ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана баңги заттары табылып, алынган.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгы жана тергөө учурунда алынган төгүндөлгүс далилдердин негизинде бул топтун 15тен ашык активдүү мүчөлөрүн кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечими кабыл алынган.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланып, жогоруда аталган кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү аныкталып, алардын да аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.

УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх