Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунун жетекчиси Эркин Тентишев Садыр Жапаровдон сөгүш алды

Президент жаз-жай мезгилинде Чүй облусунун сугат жерлерин талаптагыдай сугаруу камсыз кылынбаганы үчүн аткаминерлерди жазалады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге жана Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеевге сөгүш жарыялады.

Мамлекет башчысы жаз-жай мезгилинде Чүй облусунун сугат жерлерин талаптагыдай сугаруу камсыз кылынбаганын белгиледи.

«Дыйкандар нааразы боло баштаганда гана силер ойгондуңар», - деп кошумчалады ал.

Жапаров сугат мезгилине эрте даярдык көрүү зарылдыгын айтып, бул үчүн жогоруда аты аталган жетекчилер жеке жоопкерчилик тарта турганын кошумчалады.

Президенттин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх