Президент 110 миңден ашык үй-бүлө үчүн электр энергиясына болгон тарифти 50 тыйынга түшүрүүнү тапшырды
«Бардык маалыматтарды текшерүүгө бир айыңыз бар. Декабрь айында 110 миң 518 үй-бүлөдөн азыркы тариф боюнча, ал эми 1-январдан тарта жеңилдетилген тариф менен кабыл алынсын»
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук Кеңшинин жыйынында азык-түлук коопсуздугу маселесин кароо учурунда өлкөдөгү аз камсыз болгон үй бүлөлөргө электроэнергияга тарифти төмөндөтүү тапшырмасын берди.
«1-январдан баштап биринчи электроэнергиядан жардам берели. Азыр 77 тыйын да, ошону 50 тыйынга түшүрүп бергиле. 1-январдан баштап 50 тыйынга түшсүн, калган 27 тыйынын сиздер бюджеттен субсидия кылып төлөп бересиздер», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.
Ошондой эле, Мамлекет башчысы тийиштүү министрликтерге аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн даректерин, аты-жөндөрүн тактоону тапшырды.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жаңы тарифтер 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кириши керек.
«Бир айдын ичинде дагы бир сыйра ревизия кылып чыккыла. 31-декабрга чейин эски тариф менен аласыңар дагы, 1-январдан баштап жаңы, 50 тыйындык тариф менен аласыздар. Ушул 110 518 үйдө. Бир айдан кийин сиздерден сурайбыз», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.
Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго тамак-аш жагынан да жардам берүү керектигин айтты.
«Жаңы жылдан кийин сөзсүз түрдө ун, май, шекер таратып бериңиздер. Көлөмүн өзүңүздөр талдап чыгыңыздар министрликтер менен, облустардагы өкүлдөрдөн», — деди Президент.
Президенттик аппараттын маалымат кызматы
Фото www