Ошто унаа сайга түшүп кетти. Эки адам каза болду
Унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган
29-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районунун Чечебай айылында жеңил унаа сайга түшүп кетип, эки адам каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Daewoo-Tico үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа сайга кулап кеткен.
«Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам ошол жерден каза болуп, экөө жаракат алган. Учурда өздүгү такталып жатат», - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, жабыркагандар тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилип, каза болгондордун сөөгүн туугандары алып кетишкен.
Куткаруучулар унааны жардан алып чыгышкан. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4 куткаруучусу тартылган.
Сүрөт www