Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Галина Байтерек: Балким менин балам жол эрежесин бузгандыр. Айыптардын баарын төлөп, маалымат каражаттарына жарыяланганга чейин билген эмесмин

Айып пулдун суммасы 8500 сомду түздү

Президенттик аппараттын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек Vesti.kg сайтына жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн салынган айыптары боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, бир күн мурун 8500 сом төлөгөн. Кошумчалай кетсек, Садыр Жапаровдун экс-пресс-катчысы ММКларга жарыяланганга чейин айып пул тууралуу билбегендигин ишендирди.

"Мен айыптардын баарын кечээ төлөдүм" деп түшүндүрдү ал.  Унаамды уулум азыр да колдонот, балким ал жол эрежесин бузгандыр. Эгер мен бул тууралуу мурда билсем, дароо төлөп бермекмин. Кээде адам кокустан жол эрежесин бузуп алат, бул адамдык фактор.

Эске салсак, айрым ЖМКлар айдоочу Галина Байтерек катары көрсөтүлгөн BMW X6 үлгүсүндөгү унаанын сүрөтүн жарыялашкан. Маалым болгондой, унаада төлөнбөгөн айыптар көп болгон.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх