Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин басма-сөз катчысы: “Дача-Су” иши боюнча тергөө аяктоо алдында

Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалгандар тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча “Дача-Су”, “Аврора” пансионатынын аймагынан кыймылсыз мүлктү улутташтыруудан чыгаруу жана июнь окуялары боюнча кылмыш иштерин иликтөө уланууда жана алар учурда жыйынтыкталуу алдында турат. Бул тууралуу 
Садыр Жапаровдун басма-сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында бүгүнкү күндө “Аврора” пансионатынын аймагындагы кыймылсыз мүлктү улутташтыруудагы коррупция фактысы боюнча, негизинен «Аврора+» пансионатында коттедждерди жана жер тилкелерин улутташтырылган мүлктөр тизмесинен чыгаруу жана үчүнчү тарапка сатуу боюнча эки фигурант кармалды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, кармалгандар тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүдө.
“Дача-Су” иши боюнча тергөө аяктоо алдында, жакын арада анын жыйынтыктары коомчулукка ачыкталат.
Июнь окуялары боюнча тергөө улантылууда жана анын жыйынтыгы да жакында коомчулукка маалым болот”, - деп билдирди Президенттин басма-сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх