Өмүрбек Текебаевге кол салган адам кармалды
Жаран «Ата Мекен» партиясынын лидерине таандык уюлдук телефонду өз ыктыяры менен берген
Бишкекте "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салган шектүү кармалды.
Ал Чүй облусунун 1998-жылы туулган Э.Ы. аттуу жаран борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын ИВСсына киргизилген.
Текебаевге тиешелүү уюлдук телефонду өз ыктыяры менен берген.
Учурда кылмыш иши боюнча башка айыпталуучуларды аныктоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралары уланууда.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз