Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облусунун Дахма аймагында түн тынч өттү

Кечээ мамлекеттик  чек арага жакын жерде белгисиз адамдар Тажикстан тараптан 7-8 жолу ок чыгарган

Баткен облусунун Баткен районундагы Дахма участкасында түн тынч өттү.

Кечээ, 23:30да Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анда чек арага жакын райондордун акимдери, укук коргоо жана компетенттүү органдардын өкүлдөрү катышты.
 
Жолугушууда Баткен районунун Дахма участкасында саат 21:15те мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгына жакын жерде белгисиз адамдар Тажикстан тараптан 7-8 жолу ок чыгарган окуя тууралуу сүйлөштү.
 
Жыйындын жыйынтыгында коомдук тартипти жана тартипти камсыз кылуу максатында тараптардын укук коргоо органдары 2-декабрдан тарта чек ара тилкесинде биргелешкен күзөт иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.
 
Тараптардын чек ара бөлүктөрү күнүмдүк кызматын улантат.
 
Бүгүн саат 9:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу.

УКМКнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх