Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча: Биздин саясий маданиятыбызды ушунчалык төмөнгө түшүрүштү

Өткөөл мезгилдин экс-президенти парламенттик шайлоо жана “Ата Мекендин” лидерине кол салуу Садыр Жапаровдун аброюна шек келтирет деп эсептейт

Өткөөл мезгилдин экс-президенти Роза Отунбаева өткөн парламенттик шайлоо жана “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу президенттин аброюна шек келтирди деп эсептейт. Бул тууралуу ал “Азаттык” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Отунбаева кол салуунун саясий жүйөөсү бар деп билдирди. Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоону таза өткөрүүгө аракет кылганына, бирок жогорудагы факты анын аракетине көлөкө түшүргөнүнө ишенет.

«Биз дүйнөнү дүрбөлөңгө сала турган шайлоолорду өткөрө аларыбызды дайыма угуп келебиз. Бирок, ошол шайлоонун негизинде оппозиция жана башка партиялар дооматтарын айтканда автобустар менен келип, Өмүрбек Текебаевди «Park Hote» сүйрөп чыгып, сабап салышканы акылга сыйбастык. Саясий маданиятыбызды ушунчалык төмөнгө түшүрүштү. Бул дүйнө жүзүнө жаңылык болуп чыгат. Кыргызстан жер карап калды”, - деди Роза Отунбаева.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх