Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Клара Сооронкулова Өмүрбек Текебаевге Урматбек Самаевдин спортчулары кол салганын айтты. Токмок шаарынын мэри сотко кайрылууда

Анын айтымында, оппозициялык саясатчыга кол салууга депутаттыкка башка талапкердин тарапкерлеринин да тиешеси бар

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууну Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Медербек Саккараевдин “спортчулары” жасаган. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынан депутаттыкка талапкер Клара Сооронкулова Фейсбук баракчасына жазды.

«Бизде Өмүрбек Текебаевге кол салууну Токмок шаарынын мэри Самаев менен депутаттыкка талапкер Саккараевдин «спортчулары» жасагандыгы тууралуу маалымат бар. Акыркысы Казакстандын жарандыгы бар экендиги тууралуу ишенимдүү маалыматка карабастан, БШК тарабынан талапкер катары каттоодон эч качан чыгарылган эмес», - деп жазды Сооронкулова.

Ал арада Урматбек Самаев өзү Vesti.kg сайты менен болгон маегинде сотко кайрылып, «мыйзам чегинде» иш-аракет кылууга ниеттенип жатканын билдирди. Ошол эле маалда Токмок шаарынын мэри ким менен атайын соттошууну көздөп жатканын тактаган жок.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектеги “Park Hotel” жанынан Өмүрбек Текебаевге белгисиз жаштар кол салышкан. Кол салуудан кийин аны автобуска отургузуп, белгисиз тарапка алып кеткиси келгенин айткан. Саясатчы милиция жардамга келбегенине нааразы болгон. Андан сырткары анын уюлдук телефонун тартып алышкан.

Өз кезегинде «Ата Мекен» партиясынын жакын юристи Канат Хасанов «Фейсбуктагы» баракчасына Текебаевдердин телефону аппараттын жайгашкан жерин аныктоого боло турган тиркемеге туташып турганын жазды. Тиркемеде уурдалган телефон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын жанында экени көрсөтүлгөн.

Ал ортодо президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине окуяны иликтөөнү тапшырды.

Бүгүн укук коргоо кызматкерлери Текебаевге кол салган шектүүнү кармашты. Ал саясатчыга тиешелүү уюлдук телефонду өз ыктыяры менен берген. Учурда кылмыш иши боюнча башка айыпталуучуларды аныктоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралары уланууда.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх