Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жылдын мыкты спортчуларын сыйлоо аземине катышты

Ал бир жылдын ичинде кыргызстандык спортчулар 400 медаль жеңип алышканын эске салды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов 1-декабрда, Sports Awards – 2021-жылдын мыкты спортчуларын салтанаттуу сыйлоо аземине катышты.

Иш-чаранын ачылышында Сүйүнбек Касмамбетов эл аралык мелдештерде Кыргызстандын атынан чыгып жаткан спортчуларга ыраазчылык билдирди. “Биздин элибиздин атынан чыгып жана туубузду көтөрүп жаткан спортчуларыбызга даңк! Кыргызстандын мамлекеттик туусу чет өлкодө үч учурда көтөрүлөт: башка өлкөгө президент барганда, республиканын элчилиги ачылганда, ошондой эле спотчулар жеңишке жетишкенде. Анда гимн да жаңырат. Бул өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү иш-чаралар. Азыр силер аркылуу дүйнө жүзү биди билет”, - деди ал.

Мамлекеттик катчы, Кыргызстанды көптөгөн спортчулар даңазалаганын белгиледи, анын ичинде оор атлет Каныбек Осмоналиев жана мушкер Орзубек Назаров.

Ал бир жыл ичинде эле спортчулар ар кыл спорт түрү боюнча 400 медаль утканын эске салды.
“Мен сиздерге эмгегиңиздер үчүн чоң ыраазычылык билдирем”, - деген Сүйүнбек Касмамбетов аларга ден соолук, бакубатчылык жана ийгилик каалады.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх