Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балыкчыда апасы мурда дайынсыз жоголгон уулун үйүнө киргизбей койгон

Жыйынтыгында милиция өспүрүм баланы окуу жайына жеткирүүгө аргасыз болуп, учурда ал соцпедагогдун көзөмөлүндө

Бир күн мурун, 1-декабрда Балыкчы шаарынын тургуну өзүнүн Фейсбук баракчасына жашы жете элек уулу лицейден түшкү тамак учурунда чыгып кетип, дайынсыз жоголгондугу тууралуу билдирүү тараткан. Ал ошондой эле, эгер милиция кызматкерлери уулун аман-эсен таппаса, алар үчүн акыйкаттык табаарын да билдирген. Ошол эле учурда аталган жаран Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына да, Балыкчы ШИИБине да расмий билдирүү жасаган эмес.

Социалдык тармакка жарыяланган билдирүү Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталып, милиция кызматкерлери издөө иштерин баштады.

15 жаштагы өспүрүм бала Балыкчы шаарында апасы менен чогуу жашаганы аныкталган. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан бери 1-курстун студенти, Ысык-Көл районундагы лицейлердин биринин жатаканасында жашайт. Үстүбүздөгү жылдын август айында ал да үйүнөн чыгып кетип, милиция кызматкерлери аны Бишкектен табышкан.

Лицейге орнотулган видеокамеранын жазуулары менен таанышып чыкканда, өспүрүм бала саат 14.30дар чамасында мектептен белгисиз тарапка жалгыз чыгып кеткени белгилүү болгон.

Дайынсыз жоголгондорду издөөгө Ысык-Көл облусунун жана Балыкчы шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле лицейдин мугалимдер жамааты жана мэриянын өкүлдөрү тартылган.

1-декабрдан 2-декабрга караган түнү жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө саат 01.00дөр чамасында  бала Балыкчы шаарынан аман-эсен табылган. Дайынсыз жоголгон өспүрүм кайтып келгенде, апасы уулун үйүнө киргизбей койгон. Милиция кызматкерлери өспүрүм баланы окуган жерине алып барышып, учурда ал билим берүү мекемесинин социалдык мугалиминин көзөмөлүндө.

Учурда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан тиешелүү материалдар облустук балдар иштери боюнча комиссияга өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх