Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын имаратынын жанына Ахматбек Келдибековдун тарапташтары чогулушту (фото)

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер өзү суракка алынууда

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибековдун тарапташтары УКМКнын имаратынын жанына чогулушту.

30-40 адам чогулгандар сурак берип жаткан Келдибековдун чыгышын күтүп жатышат.

Имаратка Келдибековдун кесиптеши, экс-депутат Жылдызкан Жолдошева кирип келди.

Эскерте кетсек Ахматбек Келдибеков күбө катары суракка чакырылганы белгилүү болгон.

"Текшерилип жаткан кылмыш ишинин алкагында УКМКнын кызматкерлери БШКнын расмий сайтында добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын туура эмес көрсөтүү фактысын текшерип жатканы такталды", — деп билдирди УКМКнын басма сөз борбору.



Элдос Казыбеков
Фото Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх