Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исмаил Исаков: Ташиев биз менен сүйлөштү. Келдибеков жакында бошотуларын айтты (видео)

“Азаттык” партиясынын лидери УКМКнын башчысы менен болгон диалогго канааттанганын билдирди

“Азаттык” партиясынын лидери Исмаил Исаков Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ахматбек Келдибековдун тарапташтарынын алдына УКМКнын имаратынын жанына чыкты.

Маалым болгондой, бүгүн эртең менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жыйынга “Азаттыктын” өкүлдөрү – Исмаил Исаков, Медекан Шеримкулов, Жылдызкан Жолдошева жана Бөдөш Мамырованы чакырды.



«Бүгүн эртең менен Камчыбек Ташиев биз менен байланышып, партиянын өкүлдөрүн: мени, Шеримкуловду, Жолдошеваны, Мамырованы жана Келдибековдорду чакырды», - деди Исаков. - Ал бизге бул сурак эмес деп түшүндүрдү. Ал БШКнын сайтынан бул ишке кимдер катыштыгы бар экенин аныктай турган адисти тартты. Келдибеков жакын арада бошотуларын айтты”.

Кошумчалай кетсек, саясатчы атайын кызматтын жетекчиси менен болгон сүйлөшүүгө канааттанганын баса белгиледи.

 



Эскерте кетсек, анын алдында Ахматбек Келдибеков БШКнын расмий сайтында добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы туура эмес көрсөтүлгөн фактысы боюнча УКМКга суракка чакырылганы белгилүү болгон.

Элдос Казыбеков
Фото, видео Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх