Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Нурбек Алимбеков кесиптеши Шайлообек Атазовду сотко берди.

Доо арызга депутаттын атаандашынын ар-намысына шек келтирген билдирүүлөрү себеп болгон

№8 Төлөйкөн шайлоо округунан депутаттыкка талапкер, депутаттын милдетин аткаруучу Нурбек Алимбеков депутат кесиптеши Шайлообек Атазовду сотко берди.

Нурбек Алимбековдун шайлоо штабында иштеген Нурлана Орозбаевдин айтымында, доо арызга депутат Атазовдун Алимбековдун ар-намысына шек келтирген, добуштарды сатып алуу боюнча айткандары себеп болгон.

- Шайлоо таза өттү деп айтсак болот, - деп жазды Орозбаев соцтармакка. -Депутаттыкка талапкер Нурбек Алимбековдун штабынын жамааты мыйзамдын чегинде иштеди. Бирок акыркы убакта биздин атаандашыбыз Шайлообек Атазов шайлоонун адилетсиз өткөнү, паракорчулук тууралуу маалымат таратып жатат. Андан сырткары биздин талапкердин ар-намысына шек келтирген нерселер айтылып жатат. Акча тараткан деген айыптарга күбө болдук. Буга байланыштуу биз анын үстүнөн сотко кайрылганбыз. Укук коргоо органдары далилдердин жетишсиздигин билдиришкен, бирок ошого карабастан Атазов бизге жалаа жаап жатат.

Белгилей кетсек, алдын ала эсептөөлөр боюнча Нурбек Алимбеков 18 миң 882 (40,96%) добуш алса, Шайлообек Атазов 16 миң 975 (36,81%) добуш алган.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх