Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Элчи Уланбек Тотуяев Пакистанды Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланууга чакырды

Дипломатиялык миссиянын башчысы Пакистандын Сенатынын төрагасы менен жолугушту

Бир күн мурун, 1-декабрда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Сенатынын төрагасы Садик Санжрани менен жолугушту.
 
Тараптар парламенттер аралык кызматташуу, иш сапарларды алмашуу жана депутаттык достук топторунун ишин активдештирүү, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
 
Тотуяев Кыргызстанда быйылкы жылы болуп өткөн маанилүү саясий өзгөрүүлөр, Конституциянын жаңы редакциясы боюнча референдумдун жыйынтыктары, президенттик жана Жогорку Кеңеш тууралуу маалымат берди. Ал Пакистан тарапка Кыргызстандын инвестициялык, соода-экономикалык жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланууну сунуштады.


КРНын ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх