Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент менен Жогорку Кеңештин Иш башкармалыктары бириктирилди

Эми мамлекет башчынын башкаруу аппараты президенттин, Жогорку Кеңештин, министрлер кабинетинин ж.б.у.с. ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жана каржылык жактан камсыздайт

Эми мамлекет башчынын башкаруу аппараты президенттин, Жогорку Кеңештин, министрлер кабинетинин ж.б.у.с. ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жана каржылык жактан камсыздайт.Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Жарлык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырат.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх