Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эдуард Кубатов жакынкы жылдары дагы эки чокуну багындырууну көздөөдө

"Мен Кыргызстандын жарандарынын альпинисттердин элиталык тобуна киришин каалайм"

Эверестти багындырган кыргызстандык Эдуард Кубатов 2014-жылдан бери “Семь вершин” программасынын мүчөсү болуп, анын алкагында алгылыктуу жыйынтыктарга жетишип келет.

Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Кубатов жакынкы эки жылда дагы эки чокуну багындырууну көздөп жатканын билдирди. 2022-жылдын май айында ал Аляскага барып, Түндүк Американын эң бийик жери – Денали чокусуна чыгууга аракет кылат.

"Семь вершин"  программасын бүтүрүү үчүн жети континенттин эң бийик жерине чыгуу керек», - деп түшүндүрдү Кубатов. - Буга чейин Европадагы Эльбрусту, Африкадагы Килиманджарону, Түштүк Америкадагы Аконкагуаны, Азиядагы Эверестти, Австралиядагы Костюшко чокусун багындыргам. Түндүк Америкадагы Денали чокусуна жана Антарктидадагы Винсон массивине чыгуу калды. Келерки жылдын май айында мен Аляскага барам, ал жерде даярданам жана Түндүк Американын эң бийик жерине – Денали чокусуна чыгууга аракет кылам. Андан кийин Антарктидага эки айлык экспедициям болот.

Кошумчалай кетсек, Кубатов «Семь вершин» программасында кыргызстандыктар дагы көп болот деп ишенет.

«Мен альпинисттердин элиталык тобуна Кыргызстандын жарандарын кошууну каалайм», - дейт Кубатов. - Программаны аяктагандан кийин мен алдыга жылуу үчүн күчтүү себептер табам. Максатсыз жашоо - бул жөн гана жашоо.

Эдуард Кубатов Эверестти багындырган экинчи кыргызстандык. Кыргызстандык Дмитрий Греков ал жерге 1997-жылы биринчи болуп чыккан.

Исламбек Жолдошов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх