Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте таэквондо боюнча ачык чемпионат өтөт

Турнирге Казакстан менен Өзбекстандын спортчулары да катышат

4-декабрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда Дүйнөлүк таэквондо боюнча  Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтөт.

Чемпионатка Бишкек шаарынын бардык командалары, ошондой эле Чүй, Ош, Баткен облустарынын, Казакстан жана Өзбекстандын спортчулары катышат.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы КРнын Таэквондо академиясы менен биргеликте уюштурууда.

Мелдештин башталышы: саат 09:00, расмий ачылыш аземи: 13:00.

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх