Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Клара Сооронкулова: Урматбек Самаев намыссыз, кадыр барксыз экенин сотто далилдейм!

ЖК талапкери Токмок шаарынын мэринин доо арызын чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди

“Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова Vesti.kg сайтына Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевди жалаа үчүн сотко берген чечимине комментарий берди.

Ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Урматбек Самаевден доо арызын чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты. Сооронкулованын айтымында, Токмок шаарынын мэринин намысы да, кадыры да жок.

«Мен Самаевди сотко берип, анын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоого аракет кылышын чыдамсыздык менен күтөм», - деп ишенимдүү жооп берди. - Мен сотко келип, анын намысы да, кадыры да жок экенин далилдейм. Менде буга бардык далилдер бар.

Эске салсак, Клара Сооронкулова анын алдында «Фейсбуктагы» баракчасына Бишкектеги «Park Hotelдин» жанынан Өмүрбек Текебаевге Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Медербек Саккараевдин спортчулары кол салганын жазган.

Ал арада Самаев өзү Vesti.kg сайты менен болгон маегинде ага жалаа жапты делгендерди сотко берүү ниети бар экенин билдирди.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх