Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шайлообек Атазов Нурбек Алимбековдун доосу боюнча: Мен анын аброюна шек келтиргенимди далилдесин

«Мени колдоп митингге 17 миң адам чыгууну каалайт. Бирок мен аларды токтоттум»

Депутаттыкка талапкер, учурдагы парламентарий Шайлообек Атазов бул округдагы атаандашы, ошондой эле эл депутаты Нурбек Алимбековдун өзүнө каршы доо арызы саясий коргоонун бир түрү деп эсептейт. Бул тууралуу Атазов өзү Vesti.kg сайтына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы депутаттыкка талапкер Нурбек Алимбековдун шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы боюнча штаб мүчөлөрүнө карата иликтөө иштерин баштады.

«Алардын мага каршы доо арыз менен кайрылганы адилетсиз», - деди депутат. «Алар доо арыз жазгандан башка эч нерсе кылышпайт. Мен Нурбек Алимбековду теледебатка чакыргам, келбей койду. Эгерде ал ушунчалык чынчыл болсо, эмне үчүн талаш-тартыштан качты? Кандай аброюн айтып атабыз, эл аны орун басарлыктан көргүсү келбей калды. Ар-намысына, кадыр-баркына доо кетиргенимди далилдесин. 10 жыл депутат болгонго баары сатылып кетти. Мен баарын ошол бойдон айттым. Коркок экен, азыр чалып, ага козголгон кылмыш ишин токтотууну суранат. Алимбеков президенттин таза шайлоо өткөрүү боюнча буйругуна каршы туруп, добуш сатып алуу менен алектенген. Ошто анын штабынын мүчөлөрү тарабынан сотко чейинки пара алуу иштери козголду. Фото жана видео далилдер бар. Буга чейин айрым күбөлөр күнөөсүн моюнга алышкан.

Атазов ошондой эле анын шайлоочулары нааразылык акциясына катышуу менен өз талапкерин колдоону каалагандыктарын билдиришкени менен бөлүштү.

«17 миң адам мени колдоп митингге чыгууну каалайт», - деди ал. «Бирок мен аларды токтоттум. Биз мыйзамды сыйлайбыз. Мамлекетибизге стабилдүүлүк керек.
Баары мыйзамдуу жол менен чечилет.

Ал арада Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына “Шайлоочуларды сатып алуу” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганы тууралуу маалыматты тастыктады. ...

- 23-ноябрда депутат Шайлообек Атазов УКМКга депутат Нурбек Алимбековго карата «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси боюнча арыз менен кайрылган», - деп жооп берди ИИМ. - 28-ноябрда иш бизге өткөрүлүп берилди. Бирок, Шайлообек Атазовдун айткандарына каршы, далил келтирбей туруп. Тергөө иштери жүрүп жатат, күбөлөр көрсөтмө берүүгө чакырылууда.

Эске сала кетсек, №8 Төлөйкөн шайлоо округунан депутаттыкка талапкер, азыркы депутат Нурбек Алимбеков мыйзам чыгаруу органындагы кесиптеши Шайлообек Атазовду сотко берген.

Нурбек Алимбековдун шайлоо штабында иштеген Нурлан Орозбаевдин айтымында, доо арызга депутат Атазовдун Алимбековдун ар-намысына шек келтирген, добуштарды сатып алуу боюнча айткандары себеп болгон.

Белгилей кетсек, алдын ала эсептөөлөр боюнча Нурбек Алимбеков 18 882 добуш (40,96%), Шайлообек Атазов 16 975 (36,81%) добуш алган.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх