Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Рафаэль Физиев UFC турниринде желексиз беттешет

Спортчу бул жагдайды качандыр бир күнү тактаарын айтты

5-декабрга караган түнү Лас-Вегаста UFC турнири өтөт. Буга чейин Кыргызстандын желеги астында учуп келген КМШ мамлекеттеринин мушкери Рафаэль Физиев Жаңы Зеландиянын спортчусу Брэд Ридделл менен беттешет.

Физиев "Спорт - Экспресс" интернет-порталына берген маегинде таймашка желексиз барарын билдирди.

«Ал аны жарыялабоону  суранды, бирок качандыр бир убакта жагдайды тактап берерин мойнуна алды», - деп жазат гезит.

Ошол эле учурда Физиев Риддел экөө бул салгылашуудан качууга аракет кылып жатышканын айтты.

«Бирок азыр биз кээде кандайдыр бир мушташтан качуу мүмкүн эмес деген ойго келдик, анткени UFC басым жасай баштайт, UFC мушташууну каалайт... Анда кайда барыш керек? Биринчиден, бул бизнес деп ойлойм. Андан кийин гана калганы», - деди мушкер.

Эске салсак, октябрь айында Рафаэль Физиев мындан ары Кыргызстандын желеги астында беттешке чыкпай турганын билдирген. Анын айтымында, ал мындай чечимди диний лидерлер жана коомчулуктун бир бөлүгү өзүнө жана анын үй-бүлөсүнө катуу кысым көрсөтө баштагандан кийин кабыл алган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх