Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чындап эле хан бийлигине келдикпи? Текебаевге кол салууга аксакалдар нааразы (видео)

Жарандардын айтымында, Кыргызстанда демократия жоюла баштады

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары болгон аксакалдар саясатчыга кол салуу окуясына нааразы. Алардын кайрылуусу Facebook социалдык тармагында тараган.

«Мен алардын Өмүрбек Текебаевге кандай кол салганын көрүп, абдан капа болдум. Мен согуш убагында төрөлгөм. Бирок мен муну эч качан көргөн эмесмин. Ө Дегеле бизде бийлик барбы?- деди аксакалдардын бири.

Ал арада дагы бир жаран бул окуя Кыргызстанда демократия жоюла баштаганын айгинелейт дейт.

«Бизде мамлекет барбы? Эгерде мамлекетибиз болсо, элди тынчтандыруу үчүн ушул адамдардын аты-жөнүн элге айтып чыкмакпыз. Алар саясатчылардын оозун жабууга аракет кылып жатышат. Эми эч ким үн катпайбы? Чындап эле хан бийлигине келдикпи? Шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин ашыкча сүйлөбөшү үчүн ар кимдин оозун жабууга аракет кылып жатышат», - деди ал.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх