Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: БШК менен УШКлар бийликтин басымынан улам добуштарды уурдоого аргасыз болгондугун айтышса, мен дароо отставкага кетем

Мамлекет башчысы парламенттик шайлоо таза өттү деп ырастоодо

Президент Садыр Жапаров  «Aryba.kg» маалымат агенттигине берген маегинде эгер жетекчилик, БШК жана УШК мүчөлөрү бийликтин кысымынан улам добуштарды уурдоого аргасыз болгондугу тууралуу маалымат берсе, кызматтан кетерин билдирди.

Мамлекет башчысы парламенттик шайлоо таза өттү деп ырастоодо.

«Шайлоо жакшы өттү. Бул менин баа берүүм эмес. Биринчиден, бул калктын басымдуу бөлүгүнүн берген баасы. Экинчиден, араб өлкөлөрүнөн, КМШдан, Европадан, түрк тилдүү мамлекеттерден, АКШдан келген байкоочулар жакшы баасын беришти. Баары шайлоо таза өттү деп ырасташууда. Саясатчылардын түн ичинде добуштар уурдалып, бюллетендерди бурмалоо боюнча айткандары абсурд.Республика боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын 31 миң мүчөсү бар . Элестетсеңер, 31 миң адам түндө колуна бюллетень алып чуркап жүрөт. Азыр үч киши менен кыңыр иш кылсаң билинип калган учур. Эгерде БШКнын жетекчилиги жана мүчөлөрү, ошондой эле УШКлар бийликтин басымынан улам добуштарды уурдоого аргасыз болдук деп айтышса, мен дароо отставкага кетем. Ал ортодо ар бир шайлоодо протоколдор кайра жазылып жатат. Кээде туура эмес толтурулуп, оңдолуп кетет. Баары эле бирдей деңгээлде билим ала бербейт. Эң негизгиси бюллетендердин так саны», - деди Жапаров.

Ал ошондой эле добуштарды саноодо кетирилген каталар тууралуу эксперттердин билдирүүсүнө карабастан, бул ишти УКМК кызматкерлери иликтеп жатканын баса белгиледи. Күнөөлүүлөр жоопко тартылат.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх