Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алар Текебаевден кечирим суроо үчүн келишкен. Саясатчы  кол салган жигит эмес башка кармалганын айтты

Уруштун катышуучуларынын максаты «Ата Мекендин» лидерин токмоктоо эмес болгон деп түшүндүрдү

Саясатчыга Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев жана “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен болгон окуянын башка катышуучулары кечирим суроо үчүн келишти.

Сүйлөшүү учурунда Чокеев алар Бишкекке элдик кошун катары келишкенин айтты.

«Бизди атайын мэриянын автобустары менен келди деп жатышат - жок, бул автобустарда  милиционерлер болгон», - деп түшүндүрдү ал жыйында. - Биз элдик кошуун катары автобустар, жеңил унаалар менен келдик. Биз башка максат менен келгенбиз. Өкмөт үйүндө турганыбызда бир киши: «Элди коркутпагыла, кармагыла» деп, «Консул» тарапка жөнөдүк. Сыягы, провокация болду окшойт. Сизди урайын деген максат жок болчу. Кармалган жигит бир топ жаш. Ал жетим.

Текебаев өз кезегинде кармалган жаранга жана чыр-чатактын башка катышуучуларына эч кандай дооматым жок деп жооп берди.

"Мен сиздин кечиримиңизди кабыл алам, бирок кармалган туура эмес жигит мага кол салды", - деди саясатчы. - Мени урган менден бою кыска, жашы 40ка чукул, телефонумду уурдаган жок, негизинен мен отурган жерде калып калды. Президент Текебаевди чапкандар карапайым эл дейт. Бирок силер, депутаттар, жарандарга үлгү болушуңар керек.

 

Манас Көлбаев
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх