Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бектур Асановду "Ата Мекен" партиясынын штабынан УКМКга суракка алып кетишти

Тилек Токтогазиев атайын кызмат анын партиялашына “криминалдык бийлик” темасында сүйлөгөндөн кийин кызыгып калган деп эсептейт

“Ата Мекен” партиясынан депутаттыкка талапкер Бектур Асанов күч менен УКМКга суракка алынып келинди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жогорудагы партиядан талапкер Тилек Токтогазиев билдирди.

Анын айтымында, атайын кызматтын кызматкерлери «Ата Мекендин» штабына кирип, Асановду күбө катары чакырышкан.

- Учурда Асанов УКМКда күбө катары сурак берип жатат, - деди Токтогазиев. - Бул анын Кыргызстанда криминалдык, бандиттик бийлик бар деген сөзүнөн улам болсо керек. Саясатчыга кол салууну бейбаштык, талап-тоноочулук катары баалагысы келип жатканын көрүп жатабыз.

Өз кезегинде УКМКнын басма сөз борбору азырынча комментарий алуу үчүн жеткиликсиз.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх