Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Казакстандын президенти кыргызстандык кесиптешине чың ден соолук, бакубатчылык жана мындан аркы ийгиликтерди каалады

Бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жоомарт Токаев менен телефондон сүйлөштү.

Касым-Жоомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен жылуу куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана бир тууган Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле кыргыз тарап биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх