Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз акыны Рахим Каримдин жаңы поэтикалык китеби АКШда поляк жана англис тилдеринде жарык көрдү

Китептин мукабасында Бишкектин жана Варшаванын кооз жерлери чагылдырылган

Американын Аризона штатында жайгашкан “Prodigy Published” басмаканасы белгилүү поляк акыны Збигниев Рот менен биргеликте кыргыз акыны Рахим Каримдин “Поэзия-менин жашоом” аттуу ырлар китебин англис жана поляк тилдеринде басып чыгарды.

Жалпысынан Кыргызстан менен Польшадан эки автордун бул жыйнагына 25 англис жана 25 поляк ырлары кирген. Акындын Оштон ырларынын полякча вариантын анын чет элдик кесиптеши Збигниев Рот англис тилинен поляк тилине которгон.

Китептин мукабасында Кыргызстандын жана Польшанын, атап айтканда Бишкек менен Варшаванын кооз жерлери чагылдырылган.
 
Збигниев Рот - акын, композитор, популярдуу ырлардын, поэтикалык жыйнактардын автору, журналист, Поляк-Америка Акындар Академиясынын мүчөсү. PhD, Жазуучулар жана сүрөтчүлөр SAPS эл аралык ассоциациясынын президенти, Тынчтыктын глобалдык элчиси. Көптөгөн эл аралык адабий сыйлыктардын ээси. Анын чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө басылып чыккан.
 
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх