Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Economist Intelligence Unit уюмунун маалыматы боюнча, Бишкекте жашоо башка шаарларга караганда арзаныраак. Бул эмнени түшүндүрөт?

"Жашоонун наркынын индексинин эл аралык рейтинги 50% реалдуу көрүнүштү чагылдырбайт"

The Economist Intelligence Unit дүйнө жүзү боюнча 173 шаардын жашоо наркынын жылдык индекси боюнча маалыматтарды жарыялады. Дүйнөнүн эң арзан беш шаарынын тизмесине Алматы менен Ташкент кирди. Бишкек бул рейтингге кирген эмес.

Mercer Human Resource Consulting эл аралык консалтинг тобунун 2018-жылдагы рейтингинде Бишкекте жашоо Алматыга караганда арзан, бирок Ташкентке караганда кымбат экени айтылат. Бул рейтингдер эмне дейт?

Эксперт-экономист Искендер Шаршеев Vesti.kg сайтына курган маегинде расмий жана фактылык маалыматтардын ортосунда олуттуу айырмачылыктар бар экенине токтолду.

«Эгерде региондор менен салыштыра турган болсок, анда Бишкек бир топ кымбат шаар», - дейт Шаршеев. - Борбор калаанын тургундарынын көбү бир нече жумушта иштешет, кирешеси күнүмдүк чыгымдарды жабууга араң жетет. Жашоо кымбаттап, инфляция өсүүдө, калктын орточо айлык акысы өтө артта калууда. Албетте, эгерде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын долларга которуп, алдыңкы Батыш мамлекеттеринин борборлору менен салыштырып көрсөк, анда Бишкек арзандайт.

Ошол эле учурда эксперт мындай рейтингдер жашоону канчалык реалдуу чагылдыраарынан күмөн санайт.

«Дүйнөлүк рейтингдер ар бир өлкөнүн статистикалык маалыматтарынын негизинде түзүлөт», - деп улантты Шаршеев. - КР Улуттук статистикалык комитетинин расмий маалыматтары менен иш жүзүндөгү жашоо минимуму абдан ар түрдүү. Демек, The Economist жана башка ушул сыяктуу агенттиктердин рейтинги Бишкектин чыныгы жашоосун 50 пайызга чагылдыра албайт.

Ислам Жолдошов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх