Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

  • жолу 0 кароо

Тажикстандын президенти Кыргызстан менен болгон мамилелер өз ара урматтоо жана жакшы коңшулук принциптеринин негизинде өнүгөт деп ишенерин билдирди

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Сизге чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыргыз-тажик жаратмандык кызматташтыгы мындан ары да жалпы кызыкчылыктардын бардык тармактарында өз ара урматтоо, өз ара түшүнүшүү жана ынак коңшулук принциптеринин негизинде өнүгүп, кеңейе берерине ишеним билдирем», - деп белгиленет Тажикстан Президентинин куттуктоосунда.

Президенттик аппараттын мааалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх