Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Александр Лукашенко Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Беларусь президенти новаторлук башкарууңуздун аркасында Кыргызстан эл аралык аренада позициясын бекемдеп жатат деп эсептейт

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Туулган күнүңүзгө карата чын жүрөктөн куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сиздин аракетиңиздин жана новаторлук башкарууңуздун аркасында Кыргызстан бүгүнкү күндө мамлекеттик реформаларды жүргүзүүдө, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууда, эл аралык аренада позициясын бекемдөөдө жакшы натыйжаларга жетишип жатат.

Көп кырдуу эки тараптуу байланыштарды түзүү Беларус менен Кыргызстандын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берет жана биздин өлкөлөр менен элдердин ортосундагы достук, өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого салым кошот деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Александр Лукашенко Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт жана кыргыз мамлекетин өнүктүрүү боюнча масштабдуу тапшырмалардын ийгиликтүү ишке ашуусун каалады.

Президенттик аппараттын мааалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх