Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жаңы сейил бак курулду (фото)

Паркта отургучтар, беседкалар, көптөгөн турниктер жана тренажерлор бар

Борбор калаада Түгөлбай-Ата жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан жаңы сейил бак курулду.

Кичи эс алуу аймагы турак-жай имараттарынын жана коомдук мекемелердин жанында жайгашкан. Ыңгайлуу жайгашкандыктан, шаардыктар эс алуу убактысын үйдүн жанында өткөрө алышат, ал эми балдарга аянтчада ойногонго шарт түзүлөт.

Паркта отургучтар,  көптөгөн турниктер жана машыгуу жабдуулары бар жана айланасы тосмо менен тосулган.

Эске сала кетсек, буга чейин бул жерде мыйзамсыз күркөлөр болгон.

Бишкек мэриясы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх